Skip to content

"Эң башкысын көрүү" коомдук медиа кампаниясынын
сайтына кош келиңиз

Бул кампания Чыгыш Европа жана Борбордук Азия аймагында ВИЧ дартка кабылган айымдар менен тыгыз кызматташтыкта иштелип чыккандыгы менен өзгөчөлөнөт.

2022-жылы ВИЧке чалдыккан айымдардын арасында (анын ичинде ВИЧ менен ооруган балдардын энелери) изилдөө жүргүзүлүп, алар күнүмдүк жашоосунда кандай кыйынчылыктарга туш болгондору аныкталды.

Алынган жооптордун негизинде «анимадок» жанрында медиа кампания түзүлдү, бул көркөм жана реалдуу элементтерди айкалыштырууга мүмкүндүк берди.

Анда катышуучу айымдардын өздук цитаталары, көздөрүнүн сүрөттөрү орун алган, ошондой эле алардын эне тилдеринде даярдалган.

Маалыматтык кампаниянын материалдары англис, орус, казак, кыргыз, өзбек жана украин тилдеринде даярдалган, ошондой эле видеолорду жана онлайн/оффлайн колдонула турган компоненттерди камтыйт. 

Аларды төмөнкү шилтемелер аркылуу таба аласыз.

“Эң башкысын көрүү” кампаниясы AFEW өнөктөштүгү жана ВИЧ илдетине кабылган айымдардын уюмдары жана жамааттары тарабынан Gilead каржылык колдоосу менен “ЧЕБА өлкөлөрүндө ВИЧти жок кылуу үчүн стигмага каршы туруу” долбоорунун алкагында иштелип чыккан.

#Эңбашкысынкөрүү 

Басмасөз  билдирүүсү

“Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө АИВди жок кылуу үчүн стигмага каршы туруу” долбоорунун алкагында, Gilead уюмунун колдоосу менен AFEW Кыргызстан («ЭФЬЮ») коомдук фонду АИВге кабылган айымдардын потенциалын жогорулатуу үчүн тренингдердин сессиясын жана онлайн вебинарларды өткөрдү. 

Тренингдердин жүрүшүндө өлкөнүн бардык аймактарынан келген 53 катышуучу адамдын психологиясы, алардын дүйнө таанымы, өзүн-өзү сыйлоосу, инсандар аралык мамилеси боюнча маалымат алып, өзүн-өзү стигмалоо жана дискриминацияны азайтуу, өзүнө болгон ишенимди жогорулатуу жана социалдык интеграцияга жардам берүү боюнча талкууларга катышты.

Процесстин жүрүшүндө айымдарга өздөрүнүн көйгөйлөрүн жана жогорудагы суроолордон келип чыккан конфликттерди кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүк берилди; бири-бирин колдоосу аларга конструктивдүү эмес жүрүм-турум стереотиптерин жана эмоционалдык жооп берүү ыкмаларын жеңүүгө, ошондой эле жаңы адекваттуу иш-аракетин, өзүн-өзү басмырлообого, эмоционалдык жооп кайтаруунун жаңы ыкмаларын калыптанышына өбөлгө түзгөн.

«Тренингдерден кийин мен сүйлөй баштадым, сезимдеримди айта баштадым. Ыйлаганым токтой элек, бирок менин жана баламдын келечеги мынчалык караңгы эместей. Мен өзүмдү жакшы сезип жатам, машыктыруучулар айткандай, менин балдарым да муну сезет деп ишенем. Кызымдын өз жанын кыюу жөнүндө ойлору жок болот деп чындап ишенем. Жан дүйнөм жанданды. Күлө баштадым. Жашоо уланып жатат, мен да жашагым келет», – деди тренингдин катышуучуларынын бири.

Белгилей кетсек, тренингдерден кийин АИВ илдетине чалдыккан айымдардын коомчулугунун изилдөөчүлөрү АИВ менен жашаган (арасында үй-бүлө мүчүлөрү инфекцияга кабылгандар) 90 айым арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн. Изилдөө көрсөткөндөй, сурамжылоонун ар бир төртүнчү катышуучусу акыркы бир жылда стигма жана дискриминация учурларына туш болгон, алардын ичинен:

  • 52,3% медициналык кызматкерлердин орой же калыс мамилесине туш болушкан;
  • Респонденттердин 33% (алардын көпчүлүгү – ВИЧ-позитивдүү балдардын энелери) юридикалык кызматтарды алууда дискриминацияга туш болушкан;
  • Сурамжылоого катышкандардын 45,5% өздөрүн күнөөлөп, ошондой эле башка адамдарды өз абалы үчүн айыпташканын айтышты). Мындай абал респонденттердин 42,0% айыл жеринде жашагандыгына байланыштуу болушу мүмкүн.

Изилдөөнүн жыйынтыгынын негизинде, АИВ илдетине чалдыккан аялдардын катышуусу менен 2023-жылдын февралында маалымат кампаниясын өткөрүү идеялары иштелип чыккан.

Долбоордун  өнөктөштөрү

AFEW Кыргызстан («ЭФЬЮ»)

logo AFEW Kyr

 “КИВ оорусу менее жабыркаган аялдардын өлкө тармагы” коомдук фонду

үгүт материалдарын  жүктөп алуу

Изилдөө  баяндамасы